Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Белиздин Жогору Сотунун өкүлү Бишкекке келген документтин мазмунун билбейт


Белизден келген апостил менен күбөлөндүргөн документ.
Белизден келген апостил менен күбөлөндүргөн документ.

Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн келди делген апостил менен күбөлөндүргөн документке кол койгон Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил документтердин мазмунун эмес, аларга кол койгон жергиликтүү адвокаттын гана колун тастыктап, өз мөөрүн басканын “Азаттыкка” билдирди.

- [Документ] Эмне жөнүндө экенин билбейм. Биз адвокаттын колунун аныктыгын гана тастыктайбыз. Адвокаттын аты - Раян Ж. Вробел,- деди каттоочу Пеннил.

Ал 2016-жылдын 21-октябрында “Вробел&Ко” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробел төрт документке апостил койдурганын кошумчалап, алардын мазмунун текшербегенин айтты.

14-ноябрда УКМК башчысы президент Атамбаевге берген документтер Белиздин расмий органдарынан алынганын айткан. Кыргызстанга келген документтердеги апостилдин биринде “15753/2016” номери көрсөтүлгөн жана аны “E.O. Pennil” аттуу адам 21.10.2016 күнү бекиткенин көрүүгө болот.

Пеннил 15753/2016 номерлүү апостил менен Volquardsen ишканасына даярдалган документтеги Вробелдин колун бекиткенин “Азаттыкка” айтты.

"Вробел&Ко” менен байлынышканыбызда Раян Вробелге электрондук кат жиберүүнү айтышты. Адвокат катка азырынча жооп бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG