Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Музей кызматкерлери заманбап ыкмаларды үйрөнүшөт


Сулайман тоодогу музей.
Сулайман тоодогу музей.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн музейлердин деңгээлин көтөрүү чаралары башталды. USAID уюмунун ишкерликти өнүктүрүү долбоорунун алкагында бүгүн Бишкектеги “Хаят” отелинде ушул багыттагы Demo day жыйыны өтөт.

Бул программага ылайык музей кызматкерлерине жана жетекчилерине инновациялык ыкмаларды үйрөтүү, башка мамлекеттердеги тажрыйбаларды бөлүшүү сыяктуу иш-чаралар кирет.

Уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашкандай, буга чейин Чолпон-Ата, Ош жана Бишкек шаарларында төрт жолу семинар өткөрүлдү. Тажрыйба алмашууга Орусия, Грузия жана Украинадан адистер чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG