Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Парламентте “Белизгейт” боюнча комиссия түзүү сунушталды


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК тараткан документтер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Текебаев учурда президент жана анын аппараты жасалма документтер менен каралоо иштерин токтотпой жүргүзүп жатканын белгилеп, “Белизгейт” Бакиевдин учурундагы “матрешкагейтке” окшошуп турганын айтты.

- Мен беш президент менен иштешип, алардын үчөө менен айыккыс душман болгом. Кантип мен Бакиев менен элдешкис адам болуп, анын компаниясындагы акцияга үлүшүм болуп калсын? Маалында депутаттар “матрёшкагейт” болгондо депутаттык комиссия түзүп, бардыгын далилдеп беришкен, эми дагы комиссия түзүп бардыгын иликтөөгө чакырам.

Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтерге таянып билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аны тезинен текшерип чыгууну тапшырган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган. Депутаттар муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG