Мындан аркы шайлоого партиялар өз өзүнчө барышат. Ал эми парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясы биргеликте өз мөөнөтүн аягына чейин чыгарат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын депутаты Алтынай Өмүрбекова билдирди.
- Бир жума мурун Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов жолугуп жогорудагыдай чечимге келишти. Ташиев мындан аркы кадамын Келдибеков, Мадумаров аркылуу улай турганын билдирген. Ошондуктан жергиликтүү кеңешке Камчыбек Ташиев өзүнүн "Ата Журт" партиясы аркылуу чыгып атат.
Өмүрбек Бабанов башында турган “Республика” партиясы 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында Камчыбек Ташиев башында турган “Ата Журт” партиясы менен биригип, “Республика – Ата Журт” партиясы деп шайлоого бирге барган. Аталган партия шайлоодо экинчи орунду алып, 28 мандатка ээ болгон. (SDz)