Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Абдил Сегизбаев: документтер үчүн мен жооптумун


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Белиз өлкөсүнөн келген апостил УКМКнын колуна “оперативдүү ийгиликтин” аркасы менен келди. Ал жактан келген бардык документтер көчүрмө эмес, оригинал болуп эсептелет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Ал документтер жасалма деп айткан айрым депутаттардын сөзүн жалганга чыгарып, документтин түп нускасы колунда турганы үчүн өзү жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

- Эгерде УКМК Белизге барып документти жасатып келген болсок, анда УКМКнын таасири өтө эле күчөп кеткен турбайбы? Эч ким мындайга ишенбейт. Бул ишти “матрёшкагейт” менен салыштыруу болбойт. Азыр УКМК такыр башкача иштеп жатат. Азыркы учурда биз эч кимдин фамилияларын айта элекпиз, болгону тергөө иштери жүрүп жатат.

14-ноябрда УКМК азыркы учурдагы айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгын Белиз өлкөсүнөн келген документтер аркылуу көрсөткөн. Ошол эле күнү бул ишти Башкы прокуратура иликтөөгө алган. Документте Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген, бирок Текебаев УКМК жалган документтерди көрсөтүп жатканын ырастоодо. (SDz)

Акаев менен Сегизбаевдин кайым айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

XS
SM
MD
LG