Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Садык Шер-Нияз президент менен Сегизбаевдин жолугушуусун “шоу” деп атады


Белиз өлкөсүнөн келген документтер.
Белиз өлкөсүнөн келген документтер.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 14-ноябрда УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жолугушуусу шоу болгон. Бул тууралуу парламент жыйынында бүгүн депутат Садык Шер-Нияз айтты.

- Менин адисим да ушуга жакыныраак. Ошондуктан бул жолугушуу мага атайын сценарийленген, режиссерлонгон жумуштай көрүндү. Себеби УКМК азыр иликтөө алып барып жатат, эч кимдин күнөөсүн билбей туруп, бирок камераларга Сегизбаевдин колундагы документтерде үч депутаттын аттары бадырайып көрүнүп жатат. Мындай фокусту таланттуу операторлор эле кармай алгандыктан бул шоу болбой эмне.

14-ноябрда УКМК азыркы учурдагы айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгын Белиз өлкөсүнөн келген документтер аркылуу көрсөткөн. Ошол эле күнү бул ишти Башкы прокуратура иликтөөгө алган. Сүрөттөгү документте Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген, бирок Текебаев УКМК жалган документтерди көрсөтүп жатканын ырастоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG