Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:40

Босниялыктар Вуковардагы согуш курмандыктарын эскеришти


Вуковар.
Вуковар.

Босниянын Тузла шаарында активисттер мурдагы Югославия аймагына бүлгүн салган согуштун курмандыктарын эскерүү үчүн жүрүш башташты. Алар Хорватиянын чыгышындагы Вуковар шаарын көздөй 100 чакырымдык жолду басышат. 90-жылдардагы кооганы эскерген акция “Тынчтык үчүн жүрүш” деп аталат.

25 жыл мурда Вуковар шаары 87 күн Югославия жана Сербиянын күчтөрүнүн курчоосунда турган. Бул мөөнөт ичинде жүздөгөн тургундар киши колдуу болгон. Акциянын катышуучулары Вуковардагы согуш кылмыштарын элдин эсине салууну максат кылышканын айтышты.

XS
SM
MD
LG