Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан бир адам мерт кетти


Жол кырсыгы.
Жол кырсыгы.

16-ноябрда Ноокен айыл аймагынын Коминтерн айылында “Мерседес” үлгүсүндөгу жеңил автоунаа менен оор жүк ташуучу “Гигант БУС” автоунаасы сүзүшкөн.

Кырсыктан улам “Мерседестин” айдоочусу Ноокен районунун Чоң-Багыш айылынын тургуну 1992-жылы туулган О.Р. жеринде мерт кеткен. Куткаруучулар жабыр тарткандарга жеринде жардам көрсөтүшкөн.

Ал эми “Гигант БУС” унаасынын айдоочусу Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын тургуну А.Ж. жеңил жаракат алган. Ага Ноокен райондук "Тез жардам" кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. ӨКМ маалымдагандай, оор автоунаанын айдоочусунун абалы жакшы. (SDz)

XS
SM
MD
LG