Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Казакстандык дагы үч спортчу Олимпиада медалынан ажырайт


Эл аралык Олимпиада комитети казактандык үч спортчуну 2008-жылкы Бээжин оюндарында жеңген медалдарынан ажыратты.

Казакстандын Улуттук олмпиада комитети 17-ноябрда жасаган билдирүүдө оор атлетчилер Ирина Некрасованын күмүш, Мария Грабовецканын коло жана грек-рим күрөшкери Асет Мамбетовдун коло медалы артка кайтарылууга тийиштиги айтылат.

Маалыматка караганда, кайра текшерүүдө алардын анализдеринен кызытма табылган.

Эл аралык Олимпиада комитетинин катында андан тышкары медал жеңбеген Владимир Седовдун Бээжин, Алмас Утешевдин Лондон Олимпиадасындагы жыйынтыктары да жокко чыгарылганы айтылат.

Буга чейин допинг жаңжалына аралашкан казакстандык оор атлетчи-олимпиадачылар Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова дисквалификацияланып, алтын медалынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG