Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

“Кыргызстан” партиясынын үгүт жарнактарын тытып кетишти


Тытылган жарнак.
Тытылган жарнак.

Бишкек шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардан “Кыргызстандын” үгүт жарнактарын белгисиз бирөөлөр сыйрып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын маалымат катчысы Константин Конкин билдирди. Ал мындай көрүнүш борбор калаада акыркы учурда 4 ирет болуп жатканын айтты.

- Биз укук коргоо органдарына кайрылдык, азырынча эч кандай жооп жок. Окуя бүгүн күндүз орун алып, кимдер жарнактарды тытканын таппай жатабыз. Жарнагыбыз Свердлов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган эле.

“Кыргызстан” партиясы 2015-жылы түптөлүп, ошол эле жылы парламенттик шайлоодо 3-орунду алып, 18 мандатка ээ болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG