Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Трамп Обаманын сынчысына кеңешчи кызматын сунуш кылды


Майкл Флинн.
Майкл Флинн.

АКШ президенттигине шайланган Дональд Трамп мурда аскердик чалгындоо кызматын башкарып келген Майкл Флиннге улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи болууну сунуш кылды. Бул тууралуу кечээ америкалык маалымат каражаттары кабарлашты. Азырынча Флинндин макул болгону-болбогону айтыла элек. Флинн президент Барак Обаманын тушунда эки жыл аскердик чалгындоо кызматынын төрагасы болуп, 2014-жылы иштен алынган жана Обаманын тышкы саясатын катуу сындагандардын катарына кошулган.

Флинн президенттин “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмга каршы күрөшүн өзгөчө сындап, АКШда теракт коркунучу 11-сентябрдагы алааматтан да жогору деп эсептейт. Ал ошондой эле Вашингтондун Москва менен жакын кызматташуусун, Ирандын ядролук программасы боюнча макулдашуусун кайра карап чыгууга тийиш деген пикирде. Трамп шайлоо учурунда анын бир топ маселелер боюнча ойлорун кайталап келген.

XS
SM
MD
LG