Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлагандай, мурдагы ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков сот департаментине 10 млн. сом айып төлөдү.
2013-жылы Башкы прокуртура Акматбек Келдибеков салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери боюнча коюлган айыптоолор тергөөдө далилденгенин айтып, аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.
Бирок быйыл 11-мартта шаардык сот Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча аны жарым-жартылай айыптуу деп таап, 10 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. (SDz)