Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы үгүт иштерин жүргүзгөн топту Кыргыз улуттук университетине киргизбей койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган топтун мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди.
- Университетте референдумга үгүттөгөн жолугушуу болмок экен. Биз дагы ал жакка барып, өз пикирибизди айтканга мыйзам жол берет. Бирок, университеттин жетекчилиги биздин топту студенттер менен жолуктурбастан кубалап чыкты.
14-ноябрда Баш мыйзамды өзгөртүүгө чакырган, ошол эле учурда ага каршы үгүт кылган уюмдар БШКдан каттоодон өткөн. (SDz)