Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Чалгындоо башчылыгына консерватор конгрессмен сунушталды


АКШ президенттигине шайланган Доналд Трамп Борбордук чалгындоо башкармалыгын жетектөөнү конгрессмен Майк Помпеого сунуш кылды.

Канзас штатынан Конгресске шайланган консерватор Помпео АКШнын Бенгазидеги консулдугуна 2012-жылы болгон чабуулду иликтөөдө маанилүү ролду ойногон. Ал ошондой эле Иран менен ядролук келишимдин сынчыларынын бири. 2014-жылы Украинага барып кеткен Помпео ошондо орус президенти Владимир Путин “Украинаны көзөмөлдөөнү” максат кыларын айткан.

Ал эми юстиция министри жана башкы прокурор болуп Жефф Сешнс, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиликке Майк Флинн дайындалышы мүмкүн. Үчөө тең келечек мамлекет башчынын сунушун кабыл алышканын Трамптын өткөөл командасынын атын атабаган мүчөсү билдирди. Ал эми расмий кабар кийинчирээк чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG