Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда жети кишинин сумкасынан декларациясы толтурулбаган 9,5 миллион доллар чыкты.
Алардын бири кыргызстандык, экинчиси өзбекстандык экени маалымдалды. Калган беш кишинин улуту такталууда. Кармалгандар учурда түрк полиция кызматкерлерине сурак берип жатышат. (ElB)