Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Алайкууда электр жарыгы бериле элек

ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал, Капчыгай, Кызыл-Жар айыл аймактарына электр энергиясы толугу менен берилди. Ал эми Алайкуу айыл аймагында жарык жок. Электр зымдарын калыбына келтирүү иштери уланууда.

17-ноябрда түнкүсүн Кара-Кулжада калыңдыгы бир метрге жеткен кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында ички жолдор жабылган, электр энергиясы өчүп калган.

19-20-ноябрда Алайкуудан башка айылдарда кезеги менен энергия калыбына келтирилди. Мындан тышкары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолуна байма-бай кар көчкү түшүп жаткандыктан жабылды. Жолду тазалоо иштери жүрүүдө. (NT)        

Алайкуу: калың кардан жол жабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

  

 

XS
SM
MD
LG