21-ноябрда өлкөнүн бир катар аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;
Суусамырда түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13;
Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;
Баткенде түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.
21-ноябрда Бишкек шаарын ала-булут каптап турат, кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -6…-8 градус төмөндөйт.