Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

“Демократ” партиясы Жанар Акаевди колдоду


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Аталган партия “Фейсбуктагы” баракчасына өз пикирин билдиргендерди куугунтукка алууну токтотуу, өлкөнү өнүктүрүүнү ойлоо боюнча Жанар Акаевдин позициясын колдой турганын жазды. 

- Акыркы учурда башкача көз караштагыларды куугунтуктоого күч органдарыын кийлигишип жатканы жана саясий оппоненттерге каршы колдонулуп жаткан чаралар олуттуу бушайман кылууда. Мындан улам саясий туруксуздук жаралышы мүмкүн,- деп айтылат анда.

"Демократ" партиясы тараптарды мунаса табууга үндөгөн. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев 2-ноябрда парламенттеги талкуу учурунда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды Коомдук телеканал аркылуу каралоону токтотууга чакырган болчу. (NT)

 

XS
SM
MD
LG