Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Кыйноолорду алдын алуу борбору милициянын токмоктогонун билдирди


Октябрь райондук милиция кызматкерлери жашы жете элек жаранды сабаганы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кабарлады.

Маалыматка караганда, телефон уурдоого шектелип кармалган 2001-жылы туулган өспүрүмдөн 14-октябрда арыз түшкөн. Анда милиция кызматкерлери уруп-сабоо менен күнөөнү моюнга алдырууга аракеттенгени, ал эми анын тууганынан 100 доллар талап кылганы айтылган.

Өспүрүм ооруканага кайрылып, дарыгерлер анын сабалганын ырасташкан. Кыйноолорду алдын алуу борбору ишти көзөмөлдөп турарын жана мыйзам бузуу менен кыйноо колдонулганы боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди. Шаардык милиция комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG