Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Кара-Кулжада өзгөчө кырдаал жарыяланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 10 мектепте сабактар токтотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акими Каныбек Алиязов билдирди.

20-ноябрдан тартып акимдин буйругу менен өрөөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Маалыматка караганда, аймактагы беш бала бакча да жабык турат.

Аким бүгүн кечке чейин өрөөндөгү бардык айылдарда байланыш калыбына келтирилет деп убада берүүдө.

17-ноябрдан бери Алайкуу өрөөнүндө кар калың жаап, айрым жерлеринде кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетти. (YI)

XS
SM
MD
LG