Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Кабул мечитиндеги чабуулдан кеминде 27 киши мерт кетти


Жардыруу болгон аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Жардыруу болгон аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ооган расмий өкүлдөрү Кабулдагы шиит мечитинде болгон жанкечти жардыруусу кеминде 27 адамдын өмүрүн алганын билдиришти. Кабул полициясынын Криминалдык иликтөө бөлүмүнүн башчысы Фрайдон Обаиди чабуулдан 35 киши жаракат алганын кабарлады.

Жардыруу шаардын батышындагы Бакирул-Олум мечитинде зыяратчылар диний жөрөлгөгө чогулган маалда болгон. Бул чабуул үчүн эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

Мындан бир айдан ашыгыраак убакыт мурда Кабулдагы Сахи деп аталган дагы бир шиит мечитинде белгисиз адам ок чыгарып, андан 15тей адам мерт болгон эле.

XS
SM
MD
LG