Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Францияда террордук чабуулду алдын алышты


Франциянын бийлиги өлкөдө чабуул уюштурууга камданып жаткан террордук топту аныктаганын кабарлады. Ички иштер министр Бернард Казнөв Страсбургдагы жана Марселдеги рейд маалында Франциянын, Марокконун жана Ооганстандын жети атуулу кармалганын билдирди. Ал 29-37 жаштардагы бул шектүүлөрдүн кармалышы менен узак убакыт бою пландалып келген чабуулду алдын алышканын айтты.

Былтыр 130 адамдын өмүрүн алган Париждеги террордук чабуулдан бери Францияда өзгөчө кырдаал өкүм сүрүп келет. Ички иштер министри жыл башынан бери террорчулукка каршы рейддерде 400дөн ашык адам кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG