Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Орусия: 150дөй бейөкмөт уюм «чет элдик тыңчы» деп табылды


Бул тууралуу «Коомдук чечим» фондунун «Чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киришинин төрт жылдыгына арналган баяндамасында айтылат. Маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында 148 коммерциялык эмес уюм «чет элдик тыңчы» деп табылса, алардын 137си Орусиянын Юстиция министрлигиин чечими менен тизмеге кошулган.

Аталган фонд акыркы кезде бул мыйзамды колдонууда тизмеге жаңы уюмдарды киргизүүгө караганда, андагы бейөкмөт уюмдарга басым жасоо көбөйгөнүн белгиледи. Орусияда «Чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам 2012-жылдын 21-ноябрында күчүнө кирген. Ага ылайык, саясий ишмердүүлүк менен алектенип, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар атайын тизмеде катталууга тийиш. Мыйзам боюнча, бийлик чет элдик бейөкмөт уюмдарга жана алар менен иштеген орусиялык жарандардын ишине алты жылга чейин тыюу сала алат.

XS
SM
MD
LG