Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

БУУ: Сирияда миллионго жакын адам курчоодо турат


Сирия.
Сирия.

Согуштук курчоо шартында жашап жаткан сириялыктардын саны эки эсеге өсүп, милллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О’Брайен Коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, курчоо аскердик тактика катары негизинен өкмөттүк аскерлер тарабынан жарандарга карата жасалууда.

- Жай тургундар изоляция, бомбалоолорго кабылып, ачкадан өлүп жатышат. Аларды багынып берүүгө же качып кетүүгө көндүрүү максатында медициналык жана гуманитардык жардамдар берилүүдө, - деди О’Брайен.

О’Брайен Башар Асаддын режимин кескин сынга алып, аны бардык сириялыктарды коргоого жөндөмсүз жана бийлик үчүн «өз элине абадан чабуул жасап жатат» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG