Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Абэ: Транс-Тынч океан келишимине АКШ катышпаса, ал маанисин жоготот


20-ноябрда Лимада өткөн саммитте Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн лидерлери мындан ары да эркин соода багыты улантыларын билдиришкен.
20-ноябрда Лимада өткөн саммитте Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн лидерлери мындан ары да эркин соода багыты улантыларын билдиришкен.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ Транс-Тынч океан өнөктөштүк келишимине АКШ катышпаса, ал маанисин жоготоорун билдирди. Премьер ошондой эле анын өлкөсү келишимдин ишке киришин камсыздоо үчүн аракет көрөөрүн кошумчалады. АКШнын жаңы шайланган президенти Доналд Трамп дүйшөмбү күнү ал кызматка киришкенден кийин АКШ бул өнөктөштүктөн чыгат деп айткан.

Региондогу сооданы либералдаштыруу боюнча макулдашууга 12 мамлекет кол койгон, бирок эч кимиси ратификациялай элек. Бул өлкөлөргө дүйнөдөгү дүң продукциянын 40 проценти туура келет. Жакында Лимада өткөн саммитте Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн лидерлери мындан ары да эркин соода багыты улантыларын билдиришкен.

Кээ бир эксперттер АКШ келишимден чыкса, эл аралык сооданын эрежелерин жана нормаларын аныктоодо Кытайга лидерликти алдырып жибериши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG