Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:45

Аксы: милициядан кыйноо көрдүк дегендер Башкы прокуратурага кайрылат


Бул тууралуу шектүү деп кармалган Самарбек Максатбек уулунун энеси Насипкан Назаралиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал милиция кызматкерлери баласынын башына желим баштык кийгизип, ур-токмокко алуу менен уурулукту моюнга алдырууга аракеттенгенин айтып жатат. Маалыматка караганда, тартип сакчыларына чара көрүү өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылып, бирок аталган орган кыйноо фактысы аныкталган жок деген жүйө менен иш козгоодон баш тарткан. Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул ишке байланыштуу уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын кабарлады. Шектүү кыйноого алынганын четке кагып, алардын маалыматын кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети деп сыпаттады.

Быйыл октябрда Аксы районунун Кербен шаарындагы автоунаа тетиктерин саткан дүкөндөн 800 миң сом акча уурдалган. Буга шектүү деп Кербен шаарынын тургуну 21 жаштагы Самарбек Максатбек уулу кармалган. (RsK/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG