Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

Ысык-Көл: бийликтин ачыктыгын жакшыртуу долбоору жүзөгө ашырылууда

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен ишке ашырылып жаткан долбоор "Жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары: Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугуна кепилдик" деп аталат. Долбоорду ишке ашыруу аракети 22-ноябрда Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында башталды. Андан кийин Кызыл-Суу, Светлая Поляна айылдарында улантылат. Анын максаты Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын кызматташтыгын жакшыртуу, бийликти элге ачык-айкын болууга чакырууну көздөйт. (AsM)

XS
SM
MD
LG