Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Улуттук госпиталда оңдоо иштери токтоп турат


Улуттук госпиталдын айрым имараттарын оңдоп-түзөө иштери токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Түзүлгөн жагдай менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеринен барып таанышты.

Госпиталдын жетекчилиги оңдоо иштери былтыр башталганын, бирок курулуш ишканасы келишимди убагында аткарбай койгондуктан иш кечеңдегенин айтты. Келишим боюнча оңдоо иштери былтыр 30-ноябрда аякташы керек болчу.

Ремонтко жабылган имараттардын айынан госпиталдын көпчүлүк бөлүмдөрүндө учурда бейтаптарга орун жетпей, тартыштык болууда.

Өкмөт башчы ишти аягына чыгарбай койгон компанияны жоопко тартып, оңдоо иштерин тез арада аяктоону тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG