Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Кашмирде кайрадан атышуу болду


Исламабаддын расмий өкүлдөрү билдиришкендей, Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүнөн атылган ракеталардын бири Пакистанга тиешелүү райондо жүргүнчү автобуска тийип, кеминде тогуз жайкын тургун мерт болду. Талаштуу аймакты бөлгөн тилкедеги айылда дагы эки киши дүрмөт алардын үйүнө тийгенде каза болушкан.

Артиллериялык аткылоодон бери дегенде 11 киши жараат алганын билдирген Пакистан өкүлдөрү армия Индиянын аскердик позицияларына жооп кайтарганын айтышты. Ал эми кошуна өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн маалымат катчысы биринчи болуп ок Пакистан тараптан чыкканын билдирди.

Сентябрда Индиянын Кшмирдеги базасы чабуулга туш болгондон бери тараптар ортосундагы чыңалуу күчөдү. Дели Пакистан аймактагы согушкерлерди колдоп жатат десе, Исламабад айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG