Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Пан Ги Мун ядролук куралды кыскартуу диалогун улантууга чакырды


БУУнун баш катчысы Орусия жана АКШны атомдук арсеналдарын кыскартуу сүйлөшүүлөрүн жандандырууга чакырды. Пан Ги Мун мындай билдирүүнү бейшембиде Нью-Йорк университетинде дарс окуп жатып жасады. Эки өлкөнүн тирешүүсү күчөгөнүн эске алганда Москва жана Вашингтон ядролук курал арсеналдарын азайтууну мындан ары талкуулашат деген ыктымалдык өтө төмөн.

"Дүйнөдөгү катталган атомдук куралдын 95% Орусия Федерациясы жана Кошмо Штаттарга туура келет. Бул эки мамлекет андай куралды кыскартуу диалогун улантууга тийиш", - деди баш катчы.

Жаңы СТАРТ деген келишим боюнча эки өлкө ядролук дүрмөттөрдүн санын 1 550гө чейин азайтууга жана башка милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Бирок айрым америкалык эксперттер Орусиянын андай ниети жок дешет.

XS
SM
MD
LG