Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Улуттук госпиталдагы оңдоо иштери бир жылдан бери бүтө элек


Улуттук госпиталь.
Улуттук госпиталь.

Бейтаптар көп болгондуктан, аларды батыруу кыйынчылык туудуруп жатканы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 23-ноябрда Улуттук госпиталга барган учурунда белгилүү болду. Мекеме жетекчилиги муну ремонт менен алектенген тараптын жоопкерсиздиги менен түшүндүрдү. Алардын билдиришинче, келишим боюнча оңдоо иштери 2015-жылдын 30-ноябрында бүтүшү керек эле, бирок жалданган топ иштебей койгон.

Сооронбай Жээнбеков ремонтту тез арада бүткөрүүнү талап кылып, ишти үзгүлтүккө учураткандар мыйзам чегинде жоопко тартылышы керектигин билдирди. Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы келишимдин аткарылбаганын текшерүүгө киришти. (NT)

XS
SM
MD
LG