Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

BIF 2016: бизнес долбоорлорду кабыл алуу аяктоодо


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек инвестициялык форумуна бизнес долбоорлорду кабыл алуу 25-ноябрда аяктайт. Форумга 500 000 АКШ долларынан жогору суммадагы ири бизнес долбоорлор, бул суммага чейинки иштеп жаткан чакан жана орто бизнес жана ийгиликтүү Start Up (башталгыч) долбоорлор кабыл алынууда.

Иш-чаранын уюштуруучусу ЖИА бизнес биримдигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, кабыл алынган долбоорлорду каржы жана инвестиция жаатындагы мыкты серепчилерден турган көз карандысыз топ карайт. Тандоонун жыйынтыгына жараша артыкчылык берилген бизнес долбоорлордун мыктылары форумда инвесторлорго тааныштырылат. Калгандары BIF 2016 долбоорлор каталогуна киргизилет.

Бишкек инвестициялык форуму 8-декабрда өтөт. Форумдун башкы максаты –натыйжалуу бизнестерге инвестиция тартуу, ишкерлер менен инвесторлордун кызматташуусун жакшыртуу үчүн платформа түзүп берүү. Ошондой эле анда ишкерлер бизнести өнүктүрүү боюнча инновациялык идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган бул иш-чара JIA бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, быйыл 2-ирет өтүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG