Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Окуучусу түрткүнчүк болгон мектеп директору жазаланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Сокулукта окуучусу түрткүнчүк болуп жаткан орто мектептин директору Татьяна Буртнаяга сөгүш берилди. Мындай чара ал өз милдетин так аткарбаганы үчүн көрүлгөнүн "Азаттыкка" Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Сокулук райондук билим берүү башкармалыгынын чечими менен ошондой эле баланын укугун бузган мектеп кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап көрүү тапшырмасы берилди.

Министрликтен белгилешкендей, мындай чара Шопоков шаарынын №2 мектеп-гимназиясындагы окуя тууралуу "Азаттыкка" чыккан макаладан кийин көрүлүүдө.

"Мектепке жакпаган бала" аттуу макалада ата-энеси соо, ал эми мугалимдер кабыл алуу жөндөмү начар деп чырдашып жаткан бала тууралуу сөз болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG