Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Кыргызстан качкындар агымы боюнча планын талкуулады


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстан качкындардын ири агымы боюнча планды талкуулады. Жыйынга Коргоо кеңешинин, өкмөттүн, ӨКМ, ИИМ, УКМК, Миграция кызматы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттик менен БУУнун качкындар мекемесинин өкүлдөрү катышты.

Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев белгилегендей, качкындардын ыктымал агымына даярдык көрүү коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелт.

Ал эми өкмөттүк аппараттын инспектору Адилет Жанузаков Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен мекеме аралык кызматташтыкты жакшыртуу жаатында иш жүрүп жатканын, бирок бул качкындардын ири агымы болот дегенди түшүндүрбөсүн айтты.

Кыргызстан качкындардын макамы тууралуу эл аралык конвенцияга 1996-жылы кошулган. Соңку 20 жылда өлкөгө негизинен Тажикстан, Ооганстан жана Өзбекстан республикаларынын качкындар келген.

Качкындар боюнча планга адатта азык-түлүк, суу, турак жай, тазалык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, каттоо жана балдарды зомбулуктан коргоо иш-аракеттери жазылат. (RK)

XS
SM
MD
LG