Түрк армиясынын өкүлдөрү билдиришкендей, Сирияда түркиялык үч жоокер окко учту, он чактысы жарадар болду. Дамаск өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү урган делген сокку түрк аскерлери менен сириялык козголоңчулар Сириянын түндүгүндө операция жүргүзүп жатканда болгон. Бул тууралуу Түркия армиясынын веб-сайтында жазылды. Буга чейин түрк маалымат каражаттары Ал-Баб чөлкөмүндөгү чабуул “Ислам мамлекети” радикал тобу тарабынан коюлганын кабарлашкан. Куралдуу күчтөрдүн билдирүүсүндө айтылгандай, жарадар болгондор ал аймактан эвакуацияланды.
Бул окуя Анкара менен Дамасктын мамилелерин мындан ары да курчутушу мүмкүн. 24-августта Түркия Сириянын түндүгүнө ал жакта экстремист-согушкерлерге каршы согушуп жаткан оппозициялык топторго жардам берүү жана сириялык күрттөрдүн алга жылуусун токтотуу үчүн өз аскрелерин жөнөткөн.