Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Ооганстандын түндүгүндө катуу сууктан кеминде 20 киши каза болду


Ооганстан
Ооганстан

Ооганстандын түндүгүндөгү алыскы Дарзаб районунда үстүбүздөгү аптада ызгаар жана калың кар 20дай кишинин өмүрүн алып кетти.

Район губернатору Рахматулла Хашар өлгөндөрдүн көбү куралдуу жаңжалдардан улам жер которгон үй-бүлөлөрдүн балдары экенин айтты. Ушу тапта 100дөй үй-бүлө оор шарттарда, мечиттерде башпааналап же ачык асман алдында жашап келет. Дарзабдын расмий өкүлдөрү билдиришкендей, чөлкөмдүн борбору Шеберхан менен туташтырган жол талип согушкерлери тарабынан буулган. Азырынча жергиликтүү жашоочулар аба ырайы ачылса, учактар жардам жеткирет деп күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG