Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Алматыда активист "жеке адамга сыйынууга" каршы акцияга чыкты


Журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов каршылык акциясында, 24.11.2016
Журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов каршылык акциясында, 24.11.2016

Казакстандык журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов бейшембиде Алматы шаарында “жеке адамга сыйынууга” каршы акция өткөрдү. Төбөлсүздүк монументинин жанына чыгып, беш мүнөт турган укук коргоочу казак парламентинин депутаттарынын демилгелерине каршы экенин айтты.

Шаршембиде депутаттар президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын баш калаага жана башка маанилүү жайларга берүүнү сунушташкан. Парламентарийлер ошондой эле Астанада “Төбөлсүз Казакстан” деген монумент куруп, Назарбаевдин “мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын” Конституцияда белгилөөнү туура көрүшөт.

XS
SM
MD
LG