Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти суракка алуу 28-ноябрга калды.
Экс-президент 2014-жылы Киевдеги антиөкмөттүк демонстрациянын катышуучуларына ок ачкан полициянын атайын тобунун мурдагы кызматкерлеринин иши боюнча суралмак.
Януковичтин Орусияга качышы менен аяктаган элдик толкундоолор маалында 100дөн көп киши каза болгон. Алардын 48и көзгө атаарлар тарабынан өлтүрүлгөн деп шектелүүдө. Украин бийлиги буйрукту болжолу менен экс-президент өзү түздөн түз берген деп айыптап келатышат.
Янукович Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы сот имаратынан видео аркылуу суралмак. Бирок "Оңчул сектордун" улутчулдары күнөөлөнүп жаткан аскерлер кармалган абактын чыга беришин тороп салышты. Топтун өкүлү соттук угуулардан кийин аларды бошотуп салышат деген кооптонуудан улам ушундайга барышканын айттты.