Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Дааратканада көз жарган келин Кыргызстанга жөнөтүлдү


Орусиянын Екатеринбург шаарында "Таганский ряд" соода борборунун дааратканасында көз жарып, баласын өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан Т.Н. аттуу Кыргызстандын жаранына карата шаардык тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева билдирди.

Башкы консулдук кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүп, балага документтерди жасап берген. 24-ноябрда Башкы консулдук кыргыз диаспорасы менен биргеликте эне-баланы Мекенине жөнөтүштү.

23-октябрда Екатеринбургдагы “Таганский ряд” соода борборунда коомдук дааратканада 22 жаштагы кыргызстандык келин көз жарган. Орусиялык маалымат каражаттары келин ымыркайды коомдук дааратканада тумчуктуруп жатканын соода борборундагы кароолчу көрүп, тез жардам чакырганын жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG