Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

Кыргызстандык кыздар өрттөн каза болгон басмакана ээсинин абактагы мөөнөтү узартылды


Каза тапкан кыздардын бири - Топчиева Алина, 1994-жылы Ош облусунда туулган
Каза тапкан кыздардын бири - Топчиева Алина, 1994-жылы Ош облусунда туулган

14 кыргызстандык кыз-келин өрттөн каза болгон Москвадагы “Печатный экспресс” басмаканасынын кожоюну Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцковдун абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

Мындай чечимди Москванын Останкино соту кабыл алганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Аталган адамдар басмаканада коопсуздук эрежелерин камсыз кылган эмес деп айыпталууда.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG