Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Өрт жалмаган жаш өмүрлөр


27-августта Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндердин улуусу кырк беште, кичүүсү он сегизде гана болгон.

Бүгүн Бишкекте жана Москвада 27-августта өрт кырсыгынан каза тапкандар эскерилди. Аза күтүү акциясы борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өттү. Ага шаар тургундары, активисттер, саясатчылар катышып, эстелик алдына гүл коюп, атайын баракчага көңүл айтуу сөздөрүн жазышты. Акцияга вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиева, президенттик аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдар катышты.

Бишкек: Өрт курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Акцияда сөз сүйлөгөн Гүлмира Кудайбердиева учурда өрттөн каза тапкандардын сөөгүн алып келүү жана жакындарына жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Ал бул кайгыны саясатташтырбоого чакырды.

Ал кошумчалагандай, 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган өрт боюнча тергөө жүрүп жатат. Кырсык боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Орусиянын өкмөт башчысы менен да сүйлөшмөкчү.

“Кырсыктын себептерин аныкташ үчүн көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү сөзсүз талап кылабыз" - деди Кудайбердиева.

Ошондой эле бүгүн Москвада да саат 12де кырсык болгон жерде набыт кеткендер эскерилди.

Москвадагы эскерүү иш-чарасынан фотобаян

Ал арада 27-августтагы өрттө өмүрү кыйылган 14 кыргызстандык кыз-келиндин тизмеси жарыяланды.

1. Абдумаматова Айчүрөк, 1990-жыл, Ош облусу,

2. Абдаким кызы Айкөл, 1993-жыл, Ош облусу,

3. Абдуганиева Жаркынай, 1982-жыл, Баткен облусу,

4. Алабердиева Кыял, 1986-жыл, Ысык-Көл облусу,

5. Азимжан кызы Махигул, 1995-жыл, Жалал-Абад облусу,

6. Базарбай кызы Айсулуу, 1993-жыл, Ош облусу,

7. Бообекова Гулбара, 1971-жыл, Чүй облусу,

8. Жумадылова Нурай, 1998-жыл, Ысык-Көл облусу,

9. Камчыбекова Алмаш, 1998-жыл, Ош облусу,

10. Канатбек кызы Алина, 1994-жыл, Баткен облусу,

11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 1995-жыл, Ош облусу,

12. Маматкасымова Индира, 1977-жыл, Ысык-Көл облусу,

13. Раимкулова Динара, 1983-жыл, Жалал-Абад облусу,

14. Топчиева Алина, 1994-жыл, Ош облусу.

Жогоруда маалым болгондой, өрттөн каза тапкан кыз-келиндердин улуусу кырк беште, кичүүсү он сегизде гана болгон. Мындан улам айрым активисттер республикалык деңгээлде аза күтүү жарыялоо сунушу менен чыгууда.

Москвада өрттөн каза болгондорду эскерүүгө арналган Бишкектеги иш-чарада президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов аза күтүү күнүн жарыялоо сунуштары боюнча комментарий берген жок. Бирок эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды кандай өткөрүү боюнча өкмөт кеңешип чечим кабыл аларын билдирди.

Ниязовдун айтымында, кыргыз бийлиги Орусиянын жетекчилигинен өрттүн себептерин аныктоо боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранат. Ал иликтөө Кыргызстан жана Орусиянын тиешелүү укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусунун алкагында жүргүзүлмөкчү.

Акындардын ырлары

Мындан тышкары акындар бул кырсыкта мерт кеткендерге арнап, ырларды чыгарышууда.

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Фейсбуктагы өз баракчасына төмөндөгү саптарды жазган:

Калаа барбы кыргыз буту баспаган,
Кана барбы кыргыз санаа тартпаган.
Өз элинен жылыналбай бакытка,
Өрткө кетти канчалаган жаш балаң.
Кыз-уулуңду багалбаган мекенде,
Кыргызмын деп кайсы арыма мактанам!

Ал эми блоггер, жаш акын, Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Улукбек Омоккеев:

Кармап алып татаал турмуш этегин.
Эх, өмүрлөр, батпы ушунча кетериң.
Эми туйдум карындаштар, эжелер,
Менин дагы бир тууганым экенин.

Ош түнөрүп, муңайгандыр Көл чети.
Түштү тагдыр тыйынынын сол бети.
Он жети миң урпак болуп көбөймөк,
Он жети эне. Он жети аалам. Он жети..

Москвадагы окуянын күбөлөрү
Москва: өрттөн кыргыз жарандары каза тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Өкмөт штаб түздү

Өкмөттө болсо Москвадагы өрттөн каза тапкандардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында атайын жыйын өттү. Анын жүрүшүндө каза болгондордун сөөгүн алып келиш үчүн атайын учак жебирилери белгилүү болду.

Жабыр тартканданга жардам көрсөтүүнү максат кылган штабды вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева жетектейт. Кудайбердиева, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон жумушчу топ бүгүн Москвага учуп кетет.

Каза болгондордун сөөгүн алып келүү, аларды акыркы сапарга узатуу боюнча чыгымдарды өкмөт көтөрөт.

Кечээ кечинде президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы өрттөн каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам бөлүүнү жана өкмөт менен тиешелүү органдарга бардык керектүү иш-чараларды уюштурууну тапшырды.

Жараат алгандардын абалы

Орусиянын Москва шаарында өрттөн жараат алган үч кыргызстандыктын абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жараат алган Көлбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек жана Кадыржанов Нурмухамед Москвадагы ооруканаларда дарыланууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери жараат алгандардын абалы менен таанышып, керектүү жардамды көрсөтүп жатканын кабарлады.

Кырсык кандайча болгон?

Кырсык болгон басмаканада иштеген Белек аттуу жигиттин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя таңкы саат сегиздерге жакын нөөмөт алмашуу учурунда болгон.

- Акыркы маалыматта 17 адам ууланып каза болду дешти. Анын ичинен 15 адам кыргызстандык. Булар негизинен кыз-келиндер. 18ге толуп-толо элек кыздар. Арасында кош бойлуу келин да болгон. Азыркы биздеги маалыматтар боюнча өрт таңкы саат 7:50дө биринчи кабатта чыккан. Ал жерде жүк ташуучу лифт болгон. Лифттин шахтасы аркылуу түтүн кыз-келиндер иштеген төртүнчү кабатка көтөрүлгөн. Төртүнчү кабатта цех, анан кийинип-чечинген эки бөлмө болгон. Күндө саат 8де күндүзгү жана түнкү кезек алмашуу болчу. Басмаканада негизинен кыргыздар иштечү, 70 пайызы десек болот го. Айрым маалыматтарда айтылып жаткандай, уктап жатканда ууланган деген сөздөр туура эмес.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси Илья Денисов он жети адамдын өмүрүн алган өрткө электр чырагынын (светильник) жарактан чыкканы себеп болгонун билдирди. Электр чырагынын жарактан чыкканына байланыштуу оңой күйө турган суюктуктар менен кагаздар көп сакталган басмакананын кампасында өрт тутанган. Натыйжада өрт биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу бардык имаратка тарап, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген. Денисов кошумчалагандай, басмакана өрт сигнализациясы менен жабдылган, окуя маалында ал иштеп турган.

"Каза тапкандардын бөлмөсүнө жетүү үчүн куткаруучулар дубалды жана металл шкафтарды бузушту", - деди Денисов.

Москва мэри Сергей Собянин кечээ окуядан көп өтпөйТвиттердеги баракчасына өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын чоо-жайы иликтене турганын жазган.

Куткаруучуларга нааразылык

Бирок Москвадагы өрт кырсыгында аман калган кыргызстандыктар Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болушууда. Бул тууралуу алар журналисттерге маалымдашты. Күбөлөрдүн айтымында, өрт чалган имараттын ичинде калгандарды куткарууга өрт өчүрүүчүлөр дароо киришкен эмес. Бир нече адамды ошол жерде иштеген мигрант балдар имараттан чыгарып кетүүгө жетишкен. Бирок, жалын өтө тездик менен тарагандыктан жумушка келип, төртүнчү кабатта кийим алмаштырып жаткан кыз-келиндерди куткаруу мүмкүн болбогонун айтышты. Кырсык болор алдында жумушуна кечигип, сыртта өрткө күбө болгон кыргызстандык айым ӨКМ убагында чара көрүп, тилсиз жоону өчүрүүгө киришсе кырсыктын курмандыктары аз болмок деген ою менен бөлүштү:

- Тээтиги үч терезенин бирөөнө гана барышты. Бул жактагыларга кислород жетпейт деп коюшуптур. Өрт өчүрүүчүлөр он беш мүнөттө келишти. Алар ойлонуп тургуча, кыргыз балдар үстүнө чыгып, эркектердин кийим алмаштыруучу бөлмөсүнөн бир кыз менен он чакты адамды чыгарышты. Анын бир орус аял келип, видеого тартып интернетке чыгаргыла, ӨКМнын кандай иштегенин көрүшсүн деди.

17 адамдын өмүрүн алган өрт 27-августта эртең менен Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыккан. Андан он төрт кыргызстандык каза тапканы аныкталды. Алардын көпчүлүгү жаш кыз-келиндер.

XS
SM
MD
LG