Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Бишкек-Ош жолунда 8 тонна күйүүчү май дарыяга төгүлдү

Бишкек-Ош жолунун 423-чакырымындагы Жайыл районунун аймагында күйүүчү май ташыган машине оодарылып кетип, 38 тонна керосин төгүлүп, анын 8 тоннасы дарыяга куюлуп кеткен. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ДАФ үүлгүсүндөгү май ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, кырсыкка учураган. Күйүүчү майдын 7-8 тоннасы Абла дарыясына төгүлгөн.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү барып, дарыяны тазалоо иштерин жүргүзүштү. Учурда Сосновка жана Талды-Булак айылдарынын суу топтоочу жайлары убактылуу жабылды. Бүгүн суунун курамы атайын экспертизага жөнөтүлүп, канчалык зыян келгени аныкталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG