Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:52

Донецкиде кармалган “Дождь” телеканалынын кабарчылары бошотулду


Донецк.

Өзүн Донецк эл республикасы деп жарыялап алган аймактын бийлиги Орусиядагы “Дождь” телеканалынын журналисттерин бошотконун билдирди. Мындай маалымат аталган аймактын “мамлекеттик коопсуздук министрлигинин” сайтында жарыяланды. Анда аймакка кирген журналисттер каттоодо өздөрү тууралуу жалган маалыматтарды жаздырганы жана тарткан видеоматериалдар “объективдүү эмес, чагымчыл мүнөздө” болгон деген жүйөнү келтирди.

“Дождь” телеканалы кабарчыларынын бошотулганын ырастап, алар редакция менен байланышка чыкканын кабарлады.

Жума күнү телеканал кабарчылары Сергей Ерженков жана Василий Полонскийди Донецкинин жикчил бийлиги кармап кеткенин кабарлаган эле. Аталган кабарчылар атайын каттоодон өтүп, көрсөтүү даярдоо үчүн барган.

XS
SM
MD
LG