Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Аба ырайы: чукул билдирүү


Жыргалаң
Жыргалаң

Чукул билдирүү:

26-ноябрдан 28-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-250 чакырымдары, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90 чакырымдары, Нарын-Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарындагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

27-ноябрда түнкүсүн түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда кар катуу түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 10-14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…1

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -8…-13;

Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…2

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4..-9, күндүз -3...2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз кар күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -11…-13, күндүз 0…-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG