Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Бийлик менен оппозицияны ымалага чакырган жыйын өтөт


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

6-декабрга пландалган форумду Кыргызстан демократиялык кыймылы уюштурууда. Аталган уюмдун төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” кабарлагандай, бийлик өкүлдөрүнө, оппозиция жана жарандык коомго да чакыруу жиберилди. Анда өлкөдөгү талылуу маселелер боюнча пикир алмашуу болмокчу. Турсунбек Акун мындай жыйынды октябрь айында да өткөрүп, анда бийлик тараптан эч ким келген эмес эле.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндөн тарта президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев баштаган мурдагы санаалаштардын ортосунда пикир келишпестик күчөгөн. Эки тарап бири-бирине каршы компроматтарды кезек-кезеги мене чыгарууда. Өткөн аптада Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо демилгесин баштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG