Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Партиялардын үгүт өнөктүгүнө короткон каражаты жарыяланды


Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн саясий партиялардын үгүт өнөктүгүнө короткон каражаттары боюнча маалыматты жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, партиялар эң көп каражатты Бишкек шаардык кеңешине шайлоо үчүн которгон. Бишкектеги шайлоо үчүн “Республика-Ата Журт” партиясы шайлоо фондусуна 15 миллион сомго жакын каражат топтосо, Социал-демократтар 12 миллион 820 миң, “Өнүгүү-Прогресс” 10 миллион 100 миң, “Кыргызстан” партиясы 6 миллион 291 миң сом чогулткан. Шайлоо фондундагы эң аз каражат Элдик-демократиялык партиянын шайлоо фондунда болуп, 79 миң 500 сом топтогон.

Кыргызстанда 11-декабрда 22 шаарда жана 380 айылдык аймактарда жергиликтүү шайлоо өтөт. Бул күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору да жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. Расмий маалымат боюнча, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум убагында Кыргызстан боюнча 2365 шайлоо участогу иштейт. Ошондой эле чет мамлекеттерде 35 участок ачылат. 1220 округда эл жергиликтүү кеңештердин 7355 депутатын шайлайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG