Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Клинтондун штабы Висконсинде добуштарды кайра саноого катышат


Дональд Трамп менен Киллари Клинтон.
Дональд Трамп менен Киллари Клинтон.

АКШда Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтондун шайлоо штабы Висконсин штатындагы добуштарды кайра саноого катышат. Буга чейин Жашылдар партиясынан талапкер Жил Стайн Висконсинде добуштарды кайрадан саноо демилгеси менен чыккан. Бул демилгени штаттын шайлоо кеңеши колдогон эле. Хиллари Клинтондун шайлоо штабы бул демилгени колдоп, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы хакердик чабуулдар менен бурмаланышы мүмкүн деп күмөн саноодо.

“Хиллари Клинтонго добушун берген 64 миллион шайлоочуга шайлоонун жарыяланган жыйынтыгы анык экенин далилдөө биздин милдетибиз “-деп айтылат Клинтондун штабы тараткан билдирүүдө.

Ал эми шайлоодо жеңишке жетишкен Доналд Трамп болсо добуштарды кайра саноону “көз боемочулук” деп атады.

АКШда 8-ноябрда өткөн шайлоодо демократ Клинтон атаандашы, республикачы Трамптан миллиондон ашуун көп добуш алган. Бирок АКШдагы штаттардын тең салмактуулугун камсыздаган кош добуш берүү системасына ылайык, шайлоочулар коллегиясынын аз добушуна ээ болгон. Трамп 290, Клинтон 232 шайлоочулар коллегиясынын добушун алган. Мындай жол менен Трамп шайлоодо жеңип чыккан эле.

XS
SM
MD
LG