Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Аба ырайы: чукул эскертүү


27-ноябрдан 28-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-250-чакырымдарында, Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 65-90-чакырымдарында, Нарын-Казарман автожолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автожолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

28-ноябрда өлкө аймагында кар жаабайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…4 градус;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;

Баткенде түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…4 градус болот.

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -7..-12, күндүз -4...1;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…1;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Абанын түнкү температурасы -8…-10 суук, күндүз 1…3 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG