Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Түркияда “Америка добушунун” журналисти кармалды


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышында жүргөн, чет өлкөлүк маалымат каражаттарында иштеген эки журналистти камакка калды.

“Америка добушу” радиосунун штаттан тыш кабарчысы Хажижан Фаркин ишемби күнү Диярбакыр шаарында кармалган. Ошол эле күнү Би-Би-Синин түрк кызматынын кабарчысы Хатиже Камер Сирван шаарында камакка алынган. Ал 11 жумушчунун өмүрүн алган жез кениндеги кырсыкты чагылдырып жүргөн.

Би-Би-Синин кабарчысы жекшембиде кайра коё берилди. Бийлик алар эмне үчүн кармалганын түшүндүргөн жок.

Түркия июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийин журналисттердин ишмердигине чектөөлөрдү киргизип, 170 маалымат каражатын жапкан жана 120дай журналистти камакка алган. Алардын басымдуу бөлүгүн күрттөр жашаган аймакта иштеген кабарчылар түзөт.

XS
SM
MD
LG