Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Майып студенттерге лидерлик сапаттар үйрөтүлөт


Бишкекте майып студенттер үчүн “Лидерлик мектеби” аттуу тренинг өтөт. 28-30-ноябрга белгиленген иш-чаранын максаты - өзүн өнүктүрүүгө жол көрсөтүү, алдыга максат коюу жана ага жетүү жолдорун үйрөтүү болуп саналат.

Тренингге ийгиликтүү кишилер келип, өздөрү жөнүндө айтып беришет. Ошондой эле билим алуунун зарылдыгы, чет элдерде майыптарга жасалган шарт жана жеңилдиктер тууралуу баяндар болот.

"Дамас" отелинде белгиленген иш-чарага Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов да чакырылган.

Тренингди “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” социалдык борбору, “Плюс” коомдук фонду уюштурууда. Ага Түштүк Кореянын “Силоам” азиздер борбору жана майыптардын өнүгүүсүнө багытталган Koddi институту колдоо көрсөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG